Араванда 12 жаштагы бала киши колдуу болуп каза тапты

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айылында 12 жаштагы бала киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июнь күнү саат 10:25 чамасында Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван районунун борбордук ооруканасына өспүрүм баланын денеси жеткирилгени боюнча кабар келген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 25-июнда каза болгон өспүрүм Араван айылынын 12 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, аны саат 10:10 чамасында 50 жаштагы баланын тайкеси алып баргандыгы белгилүү болгон. Баланын жансыз денесине соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, анын жыйынтыгында 12 жаштагы бала киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишти башталды. Кылмыштын бетин ачып кылмышка шектүүнү табуу боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.