«Алтын сертификаттын» ээси Сымбат: «Жаңылыкты укканда сүйүнгөнүмдөн токтоно албай ыйладым»

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, «Алтын сертификатка» ээ болуп, мыктылардын катарына кирген бүтүрүүчүлөр менен тааныштырууну улантабыз.

Мыкты бүтүрүүчүлөрдүн бири Сымбат Касымбекова орто мектепте окуганына карабастан, өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу.

— Сымбат, өзүң тууралуу айта кетсең?

— Жөнөкөй үй-бүлөдө туулуп-өскөм. Биринчи класстан 11-класска чейин айылдагы орто мектепте окудум. Буга чейин биздин мектептен мындай сертификатты эч ким алган эмес. Ошондуктан айылга абдан чоң жаңылык болду, баары куттуктап жатышат. «Мурда башка жакта окуп келдиң беле?» деп сурагандар да болууда. Чындыгында мектептен алган билимим менен эле «Алтын сертификат» алган жокмун. Мектептен сырткары курстарга барып, окудум.

— Жалпы республикалык тестирлөөдөн 230 балл алуу үчүн кантип даярдандың?

— «Алтын сертификат» алуу оңой эмес. Тестирлөөгө бир жарым жыл даярдандым. Күнү-түнү талыкпай, баш-отум менен киришип окудум деп айта албайм. Өзүмдү эч нерседен чектеген жокмун. Досторум менен чогуу коомдук иш-чараларга активдүү катышып жүрдүм. Бирок ошол эле учурда аз-аздан, тынымсыз даярдыкты да токтоткон жокмун. 10-класста окуп жатканда тестирлөөгө даярдоочу билим берүү мекемелерине баргам. Ошол жактан көп нерсе үйрөндүм. Акыркы бир жарым айда катуу даярдандым.

— Өлкө боюнча эң жогорку баллды алгандардын тизмесинен үчүнчү орун алганыңды укканда кандай сезимде болдуң?

«Алтын сертификатка» ээ болгонумду тестирлөөгө даярдыктан өткөн «Секом» билим берүү мекемесиндеги мугалимдерим кабарлашты. Алгач мессенжердеги топтон «Алтын сертификат» алгандардын тизмеси жарыяланыптыр деп жатышканда абдан толкунданып, коркуп жаттым. Мен алдымбы же албай калдымбы деп ойлондум. «Сен алыптырсың» дешкенде тизмеден өзүмдүн атымды көргөнгө чейин ишенген жокмун. Керек болсо көргөндөн кийин да ишене албай турдум. Абдан сонун сезимдер болду. 2 жылдан бери кыялданып келгем. Толкунданганымдан, сүйүнгөнүмдөн токтоно албай ыйлап жаттым. Ата-энеме, бир туугандарыма, чоң ата, чоң энеме, досторума чалып сүйүнчүлөдүм. Алар да кубанычымды тең бөлүшүп жатышты. Ошондо жеңиштин даамын таттым десем болот.

— Азыр абитуриенттер үчүн эң маанилүү — кесип тандоо мезгили. Сен кайсы багытты тандап жатасың?

— Чет өлкөгө кетүүгө аракет кылып көрөм. Кыргыз өлкөсүндөгү алдыңкы окуу жайларды да байкаштырам. Компьютер инженериясын же колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрүн тандап жатам. Кайсынысы мага жакын болсо, ошол жаатта билим алам. Азыр ойлонуп, маалымат топтоп жатам. Тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин оюмдун баары ошол болуп жаткан. Азыр эми англис тилден курстарга барып жатам. Анткени программисттер үчүн абдан керек эмеспи.

Маегиңе рахмат, ийгилик каалайбыз!

Булак: https://www.super.kg/kabar/news/366523/

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.