Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Көчкөнбай Саддилаев шайланды

Бишкек, 26.06.2021 Sokol.media

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү шайланып, төрагасы Көчкөнбай Саддилаев болду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кеңешке 21 киши бекиди. 

Көчкөнбай Саддилаев 1959-жылдын 13-сентябрында Баткен районуна караштуу Зардалы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 2003-2006-жылдары муфтийдин орун басары болуп иштеген. Аалымдар Кеңешинин 1-2-3-5-6-чакырылышынын ардактуу мүчөсү болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы болуп өттү. Анда республика боюнча келген делегаттар муфтийди, Аалымдар кеңешинин төрагасы менен мүчөлөрүн жана Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин шайлады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчыcы болуп Замир Ракиев шайланды. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.