Жогорку окуу жайларга тапшыруунун жол-жобосу айтылды

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 25-июнда жогорку окуу жайларга жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Оморов катышууда.

Маалыматка ылайык, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 44 миң 416 абитуриент катышкан. Бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 120,5 түздү. 110 баллдан жогору баллды 25 миң 284 абитуриент алды, ал эми 105 баллдан жогору 28 миң 143 бүтүрүүчү алды.

Бүтүрүүчүлөр окууга тапшыруу үчүн «Абитуриент онлайн» аталышындагы маалыматтык системага кирүүсү керек.

«Аталган тиркемеде окууга онлайн тапшырууда көмөк көрсөтүүчү нускамалар жайгашкан. Видео нускамалар дагы тиркелип, бардык маалыматтар жайгашкан. Бул тиркемеге бардык окуу жайлар катталган. Учурда тиркемеге бүтүрүүчүлөрдүн 94 пайызы катталды», — деди ал.

Министрдин орун басары бүтүрүүчүлөрдө техникалык жаатта көйгөй же түшүнбөстүк болсо, 1818 кыска номерине чалып кеңеш алса болорун кошумчалады.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.