Өзбекстанда коомдук транспортко бет капсыз түшүүгө тыюу салынды

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Коңшу Өзбекстанда коомдук транспортторго бет капсыз түшүүгө тыюу салынды. Мындай чечим атайын комиссия тарабынан саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын сунушу менен кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматына ылайык, жарандардагы жоопкерчиликти жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларында дезинфекциялык иштерди жүргүзүү пландалууда.

«Ошондой эле санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери жана башка мекемелер кардарларды кабыл алууда, акыркы 72 саат ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыгын талап кылуусу шарт.

Белгилей кетсек, акыркы учурда Өзбекстанда ооругандардын саны салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.