«Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча камалган жок»,- жактоочу

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Эмне үчүн Төрөбай Зулпукаров азыр камакта? Жооп — Кумтөргө байланыштуу эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда маалымат жыйында депутаттын жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, бул 2012-жылы Кумтөр боюнча 3 токтом долбоордун Жогорку Кенештин кароосу менен байланыштуу: «Ата-Мекенден», Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиядан, депутаттар тобунан.

«3 токтомдун бардыгы бирдей — алар депутаттык комиссиянын отчетун кабыл алууну сунушташкан, бир гана долбоордо Кумтөрдөгү жетекчи кызматтарга кимди дайындоо керектиги көрсөтүлгөн. Депутаттар бири бирин чечим чыгарууга көндүргөн деп айыптоодо. Чечимдерди кабыл алууда депутат көз карандысызбы?» — деп сурады адвокат.

Адвокат Асылбек Кочкоров кошумчалагандай, айыптоодо депутаттар кабыл алган токтом мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирет деп айтылганы менен анда мындай чечимдер кабыл алынган:

— депутаттык комиссиянын отчетун эске алуу, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен инвестициялык келишимди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген деп таануу;

— мамлекеттик комиссия түзүп, 2012-жылдын 1-октябрына чейин экологиялык, өндүрүштүк жана башка зыяндарды баалоону жүргүзүү, келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүү;

— Кыргызстандан директорлор кеңешиндеги кадрлардын санын жана сапатын карап чыгуу;

— Кумтөргө жаңы аянттарды бөлүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгаруу, 2009-жылы бөлүнгөн 13 360 гектар аянтка лицензияны, ошондой эле кийинки ушул сыяктуу лицензияларды жокко чыгаруу;

— Башкы прокуратура Кумтөр долбоору боюнча фактыларды териштирип, укуктук баа берүү.

«Бул токтом мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келеби? Узакбаев менен Баатырбеков буйруктун аткарылышын көзөмөлдөшү керек болчу, бирок алар бошотулуп, Зулпукаров камакта калууда», — деди жактоочу.

Эске салсак, Зулпукаров  «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип, 31-майда УКМК тарабынан кармалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.