Шайлоого аттанган маданият өкүлдөрү

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media 

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоо өтөт. Анда Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 17 партия, Ош шаардык кеңешке 9, Токмокто 6 партия ат салышат. Бул жолу да саясатка аралашууну каалап, шайлоого катышып жаткан маданият өкүлдөрү жок эмес.

Шайлоого аттанып жаткан маданият өкүлдөрү:

  • «Достор» тобунун солисти, ырчы Жайнагүл Калчаева бар. Ал Бишкек шаардык кеңеште ат   салышып жаткан партиялардын курамында.
  • Ырчы, ишкер Самат Дөөлөтбаков Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесинде.
  • Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого ат салышып жаткан партиялардын биринин курамында актриса, телеалпаруучу Назира Бердигулова бар. 

    Эске салсак, ушул жылдын 11-апрелинде шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова, ырчы Анжелика талапкер болушкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.