ПЦР-тесттин баасы төмөндөдү

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттик оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифин макулдашкан.

Натыйжада Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ПЦР-тесттин баасын 788 сом деп бекитүү тууралуу бүгүн, 25-июнда, буйрук чыгарган.

Белгилей кетсек, ПЦР-тесттин баасы 1574 сом болуп турган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.