Орусияга эгизинин паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

«Ош» эл аралык аэропортунан Ош-Пермь каттамы менен 1997-жылкы эгизинин паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арачы эгиздин сүрөтү менен экинчи эгиздин сырткы келбетиндеги айырмачылыктарды байкап калган. 

Эске салсак, буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунан Түркияга эжесинин паспорту менен учууга аракет кылган аял кармалган эле.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.