Оорукчан баламдын сүрөтүн коюп акча жасагандардын айынан бизге акча түшпөй жатат

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Буга чейин 10 айлык баламдын мээси кургап бара жатат, Индиядан операция жасаш керек деп элден жардам сураган каарманыбыз. Бул ирет да редакциябызга кайрылып, баланын сүрөтүн инстаграммдагы башка баракчалар аркылуу чыгарып өздөрү акча жасап жатат дейт Айнура Дөөткулова.

Анын айтымында буга чейин да ушундай жол менен баласынын сүрөтүн коюп, акча жасап кеткендер болгон.

«Мен бул туурасында ватсапп аркылуу билдим. Апасы сиз болосузбу? Кимиңиздерге ишенели эки башка номерлер жазылып турат, сүрөт окшош деп мara инстаграммдагы сүрөттөрдү жиберди. Анда көрсөтүлгөн номерге байланышсам. Бир туруп бир жарым миң түштү дейт, бир туруп он үч миң түштү дейт. Эмнеге менин уруксатым жок чыгарып жатасыңар,милицияга берем десем. Бере бер ал акчаны сага которгонбуз деп күйдүрдү. Мага эч кандай акча которулган эмес»,- дейт баланын апасы.

                                                                                                                              Жардам берем дегендер үчүн туура реквизиттер:

Элсом 0707408450

Элкарт 9417019308325115

Виза карта Коммерческий банк Кыргызстан 4177490156300073

Оптима банк. 4169585348307843

Сбербанк 5336690345337002

Булак: koom.press

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.