Кара-Кулжада автоунаа дарыяга кулап кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда Hyundai Porter айдоочусу рулду башкара албай, сууга кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде беш адам болгон. Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар 40 жаштагы эркек кишини жана 13 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан.

«Үч адам: төрт жаштагы бала жана 36 жана 28 жаштагы эки эркек киши дайынсыз. Аларды издөө иштери уланууда «, — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.