КамАз Кыргызстанда газ автобустарын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты.


Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.

«Келишимге ылайык тараптар Кыргызстандын аймагында эл ташый турган газ менен жүргөн автобус жана электробустарды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.