Чет элдик туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан туристтик милиция

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Чет жерден келген туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөп, аларга укуктук жактан жардам көрсөтүү боюнча туристтик милициянын кызматы иш алып барат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Бишкек ШИИББинин милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунда атайын туристтик 2 рота негизделген. 2020-жылы туристтик милициянын взводу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгындагы милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын 5-ротасына кошулган. Ошол эле учурда туристтик ротанын штатынын саны менен милдети өзгөртүүсүз калган.

«Республикабызга келген ар бир мейман өз өмүрүнө жана коопсуздугуна, ошондой эле ден соолугуна туристтик милиция кам көрөт. Туристтик милиция базалык деңгээлде чет элдик тилдерди, негизги мыйзам ченемдери менен укуктарды билишет.

Кызматкерлер соода жана көңүл ачуучу жайларда, музейлерде, сейил бактарда, туристтер көп барган “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянтында, Өкмөт үйүндө, “Эркиндик” бульварында, филармонияда, “Хаят”, “Парк Отель” мейманканаларында, “Бета-Сторес-1”, “Бишкек Парк”, “Азия Молл” жана башка соода борборлорунда алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Жыл сайын чыгарган жыйынтыктын негизинде чет жерден келген меймандар маданий-көңүл ачуучу жайлардын, тарыхый эстеликтердин дарегин жана көрүнүктүү жерлер менен транспорттук каттамдар жөнүндө маалыматты тактоо суроолору боюнча көп кайрылышат.

Жыл башынан бери туристтик взводдун кызматкерлери 506 чет элдик жарандарды ар кандай суроолорун жана өтүнүчтөрүн канааттандырып беришсе, “102” кызматына түшкөн 158 чалууларга жооп беришкен»,- деп айтылат маалыматта.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.