Алымкадыр Бейшеналиевден коронавирус аныкталды

Бишкек, 25.06.2021 Sokol.media

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус илдетине чалдыкты. Бул маалыматты министр өзү бүгүн, 25-июнда тастыктады.

Анын айтымында, уу коргошун менен гана дарыланып жатат.

«Эки күн мурун тамагым,башым ооруп жаткан, кечинде коронавируска анализ тапшыргам. ПЦР-анализден коронавирус аныкталды. Уу коргошун эле ичип жатам. Азырынча аралыктан иштеп турам», — деди министр.

Министр А.Бейшеналиев Кыргызстанда биринчилерден болуп коронавируска каршы эмдөө алган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.