Ысык-Көлдө жол кырсыктан чек ара кызматкери каза болду

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

23-июнда Ысык-Көлдө болгон жол кырсыгынан УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч аскер кызматкери оор жүк ташуучу автоунаада жүк алып бара жатышкан. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда айдоочу автоунааны башкара албай, автоунаа капталына оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын айдоочусу ооруканага жетпей каза болуп, эки аскер кызматкери ар кандай жаракат алып жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы болгон жерде тергөө тобу иш алып барып себептерин жана жагдайларын тактап жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.