Улан Ниязбеков Министрлер кабинети өткөргөн онлайн кеңешмеге катышты

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media 

Министр Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети өткөргөн онлайн кеңешмеге катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улукбек Марипов Кыргыз Республикасында азык- түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы тууралуу жана өлкөбүздөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана ушул багыттта аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча кеңешме өткөрдү.

Негизги эки тема боюнча Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрү министри Аскарбек Жаныбеков жана саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жалпы республика боюнча ушул багытта көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча билдирүү жасашты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрү жана саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип аларды кечиктирилгис кыска мөөнөттүн ичинде чечүү тарпшырмалар берилди. Жогоруда аталган эки маселе боюнча да ички иштер министрлиги өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында бардык тиешелүү иш-чараларды көрөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.