Түркиянын коронавируска каршы вакцинасы Кыргызстанда сыноодон өтөт

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Туркиянын коронавируска каршы Turcovac деп аталган вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү этабы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы вакцинаны текшерүүгө 40 миң 800 ыктыярчы катышат. Сыноо Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда жүргүзүлөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазган маалыматтарына караганда, Эрджиес университети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан Turcovac вакцинасын сыноонун үчүнчү этабы 22-июнда Түркияда башталган. Өлкө дагы деле Pfizer, Biontech жана Sinovac вакциналарын колдонуп келет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.