Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму балдарды дагы эмдөөгө болот экенин билдирди

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму балдарды дагы эмдөөгө болорун билдирди. Бул тууралуу уюмдун интернет баракчасында айтылат.

Балдар менен өспүрүмдөр COVID-19 вирусу менен жеңил ооруйт. Андыктан аларды улуу кишилерден кийин гана эмдөө сунушталат.

Вакциналардын балдарга таасирин анализдөө талап кылынат.

«Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюмунун адистери Pfizer/Biontech вакцинасы 12 жаштан жогорку балдарга ылайыктуу экендигин далилдеди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда вакцинанын балдарга таасири иликтенүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалга карата маалыматтар жана кеңештер берилип турмакчы.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.