Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен барат

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

28-29-июнда өлкө башчысы Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Сапар 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда пландаштырылган.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу. Рахмон Жапаровду ыңгайлуу учурда Тажикстанга барууга чакырган.

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.