Садыр Жапаров он бир чет өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды (сүрөт)

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Өкмөт башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Корея Республикасы, Кипр, Хорватия, Нидерланд Королдугу, Сауд Арабиясы, Дания, Бириккен Араб Эмираттары, Бангладеш Эл Республикасы, Литва, Финляндия жана Франция Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров Кыргызстандын жогоруда аталган өлкөлөр менен саясий диалогду жана эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Президент элчилердин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган демилгелерин толугу менен колдоого даяр экендигин баса белгилеп, аларды натыйжалуу иш алпарууга, анын ичинде инвестициялык кызматташтыкты, өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалогду активдештирүүгө чакырды.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн ачык жана эки жакка тең пайдалуу боло турган долбоорлорду талкуулоого даяр экенин айтып, биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.

Элчилер өз кезегинде кыргыз тарап менен жемиштүү иш алпарууга даяр экендиктерин жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдө аларга коюлган бардык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жаткандыктарын белгилешти. 

Алар тажрыйбалары менен билимин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багыттайбыз деп ишендиришти.

Мындан тышкары, айрым элчилер Кыргызстандын экономикасына, атап айтканда, гидроэнергетика, санариптештирүү жана башка тармактарга инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Алар Мамлекет башчысына каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык айтып, өз ишмердиктеринде эки элдин жыргалчылыгы үчүн жүктөлгөн милдеттерин аткарууга өзгөчө көңүл бура тургандыктарын баса белгилешти.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.