Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы  Садыр Жапаров кол койду.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.