Медкызматкер: «Биз деле адамбыз го, айлыгыбызды бергилечи»

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Урматтуу окурмандар! Биздин редакциябызга №1 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынынын кызыл зонасында иштеп жаткан медкызматкер анонимдүү кат менен кайрылган. Ал катта, аталган оорукананын медкызматкерлери 2 айдан бери иштеген айлык акысын ала электигин жана кооптуу зонада иштеп жаткан убакта жарытылуу тамак берилбестигин айтып кайрылган. Биз бул кайрылууну өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк:
“Урматтуу президент мен сизге кайрылганымдын себеби мен бишкек шаарынын фучика больницасынан жазып атам биздин кызыл зонанын акчасын бербей жатат уже 2жарым айдан отуп атат же нормально тамак бербейт убак убагы менен берсе бизделе суйунуп калабыз да эмне медиктер адам эмесби биз деле окат кылышыбыз керек да кээ бирлеринин кредити бар дегендей тун кун девей иштеп атавыз иштегенимди милдет кылбаймын бирок мээнет акыбызды бериш керек да биз жыргаганыбыздан иштеген жокбузго”- деп кайрылган.
Бул кайрылуу тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда кызыл зонада иштегендерге өткөн айдын маянасы берилбегенин тастыктап, бирок эртеңден баштап республика боюнча толук берилип баштарын билдирди.

Төмөнкү видеодо аталган ооруканада берилген тамакты көрүүгө  болот.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.