Казакстандын вице-премьери Кыргызстанга вакцина берүү тууралуу маалыматты төгүндөдү

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы августтун аягында гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткирүү тууралуу айтууга болбой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Казакстандын Turantimes.kz басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тугжановдун маалымат жыйынында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген Казакстандын жакынкы мезгилде гуманитардык жардам катары ата мекендик QazVac вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү пландары жөнүндө суроого жооп берген.

Премьер-министрдин айтымында, учурда QazVacтын бир айлык өндүрүшү 100 миң дозаны түзөт. «Ушул айда 25-июнда бизде дагы 100 миң доза өндүрүлөт. Июль айында биз дагы 100 миң дозаны пландаштырдык. Августтун аягынан баштап, тактап айтканда 30-августта жана 1-сентябрда бизде ай сайын көлөмү 600 миң дозада өндүрө баштайбыз. Бул маселе биздин көзөмөлүбүздө», — деди ал.

Тугжанов өлкөдө казакстандык вакцинанын тартыштыгы жок экендигин айткан.

«Ооба, бүгүн бизден вакцина менен камсыз кылууну суранган өлкөлөр бар. Бирок, биринчи кезекте, биз өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Ошондуктан, ушул тапта, июнь, июль, ал түгүл август айларында башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралган эмес. Ооба, Кыргызстандан кайрылуу болуп жатат, кечээ биз дагы көрдүк. 600 миң доза чыкканда… сентябрь айында бизде 1 миллион QazVac болот, ошондо биз бул маселени кошумча карай алабыз», — деди ал.

Эске салсак, Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы «QazVac» вакцинасын бөлүп бергени, вакцина Кыргызстанга 25-июнда келери маалымдалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.