Фарид Ниязовдун сот отуруму жылдырылды

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы кайрадан каралмак. Бирок сот отуруму 29-июнга жылдырылды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ниязов сотко алып келинбегендигине байланыштуу жактоочу соттук отурумду жылдыруу боюнча өтүнүч келтирген. Жыйынтыгында, анын өтүнүчү канааттандырылып, сот кийинкиге жылдырылды.

Эске салсак, Фарид Ниязовго менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган.

Ага карата Жазык кодексинин 264-беренеси «массалык баш аламындыкты уюштуруу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.