Бишкекте азык-түлүктүн баасы бир айда дээрлик 23% өстү

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Кыргызстанда июнь айында азык-түлүктүн баасы май айына салыштырмалуу 19,5% кымбаттады. Борбор калаа Бишкектеги баалар 22,8% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Сабиз 58,4%, картошка 36,3% кымбаттады. Бышыкчылык мезгили экенине карабай, мөмө-жемиштердин баасы 6,4% өскөн.

Коронавирус пандемиясында кымбатчылык каптап, базар баасы 2020-жылдын жазынан бери улам өсүүдө.

Улуттук банктын май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.