Батыш Африкада чөп дары ичип бир үй бүлөдөн 10 адам каза болду

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

Батыш Африкадагы Нигериянын Квара штатында 10 адам жасалма чөп дары ичип каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир үй бүлөдөн 10 адам дартка даба деп чөп дарыны ичкенден кийин каза болуп калышкан. “Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери жиберилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жергиликтүу полиция кызматкерлери  элди мындай суусундуктардан жана антибиотиктерден алыс болууга чакырды.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.