АКШда коронавируска каршы вакцина албаган медицина кызматкерлери иштен айдалды

Бишкек, 24.06.2021 Sokol.media

АКШда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдөн баш тарткан 150дөн ашык медицина кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оорукананын жетекчилиги кызматкерлерди 7-июнга чейин COVID-19 вакцинасын алууга милдеттендирип, баш тарткандардын эмгек келишимдерин жокко чыгарган.

Хьюстон шаарындагы ооруканалардын биринин кызматкери Гейл Смит COVID-19 вакцинасын алуудан баш тарткандыгы үчүн жумуштан алынганын айтты. Анын айтымында, 200 кызматкердин 153ү эмдөөдөн өтпөгөндүгү үчүн жумуштан бошотулган. Оорукананын жетекчилиги кызматтан убактылуу четтетилген кызматкерлердин арасынан илдетке каршы вакцинаны алгандар кайтып келүүсүнө мүмкүн экендигин баса белгилеген.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.