Сурабалдиева экинчи ирет сурак берди

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Кечээ, 22-июнда экс-вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу Сурабалдиева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Сурабалдиева ИИМге октябрь окуясы боюнча суракка чакыртылган. Анын айтымында, учурдагы Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, баш аламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондон бери октябрь окуясынын миңдей активдүү катышуучулары суракка алынган.

Эске салсак, буга чейин Сурабалдиева Кумтөр иши боюнча да сурак берген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.