«Спортчу болсоң өзүңө спортчусуң да». «Ата Мекен» фракциясынын ичинде чыр чыкты

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын арасында чыр чыкты.

Депутат Шайлообек Атазовго депутат Айсулуу Мамашова «спортчу болсоң өзүңө спортчусуң да» деп кайрылды.

Ага чейин фракция ичиндеги маселелер көтөрүлүп, фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынганы айтылган. Нышанов депутаттардын добушу жетпей калганын айтып, юридикалык тараптын жооп берүүсүн суранган. Депутаттар фракция ичиндеги маселелер өз ара чечилиши керектигин айтышкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.