Саматбек Ибраев: Убагында Садыр Жапаровдун да тилин бууп, сүйлөтпөй койгонсуңар

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Саматбек Ибраев «Убагында парламентте Садыр Жапаровдун дагы тилин бууп, сүйлөтпөй койгонсуңар», — деп айтты.

«Биз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн суроо берели деп жатабыз. Бизди чектеп жатасыздар. Тарых үчүн айтып коёюн. 7 жылдын ичинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов канча депутатка жагып калганын билбейм. Бул кишинин жүргүзгөн саясаты боюнча кете берсек туңгуюкка кабылабыз», — деди ал.

Вице-спикер Аида Касымалиева регламент боюнча иш жүрүп жатканын айтып, ага кенен убакыт берилгенин белгиледи.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.