Садыр Жапаров: Жакын арада Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлат

Бишкек, 23.06.2021 sokol.media

Бүгүн, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугууда.

Жолугушуунун алкагында өлкө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюларын билдирди. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат.

Президент бул кадам бизнести колдоого багытталганын кошумчалады.

«Салык кызматы пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен, пландык эмес жана камералык текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар. Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчтөрү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда. Бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой элек экенин ырастайт. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Аталган кадамдарды улай жакын арада УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлат», — деди мамлекет башчысы Садыр Жапаров.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.