Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрү менен жолугушат

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мамлекет башчысы ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулайт.

Мындан тышкары бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болот.

Президент менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылган бардык адамдар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тестин тапшыргандыктарын белгилей кетели», — деп жазылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.