Президент Жапаров «Дордой» стадионун текшерүүнү токтотууну тапшырды

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушуунун жүрүшундө ишкер Аскар Салымбеков 15 жылдан бери жыл Маданият министрлиги, Прокуратура тарабынан «Дордой» стадионунун аймагын мамлекетке алуу боюнча текшерүү токтобой келгендигин айтып, ишкерликке психологиялык жактан тоскоол болуп жаткандыгын айтып, нааразычылыгын билдирди.

Жапаров мындан ары текшерүү болбойт деп убада берди. «Биздин укук коргоо органдары текшерүүнү шылтоолоп акча алганга көнүп алышкан»,- дейт ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.