Пара опузалоого шектелген УКМКнын мурдагы кызматкери акталды

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media 

2020-жылы Каржы полициясы тарабынан пара алуу беренеси менен кармалган УКМКнын мурдагы кызматкери акталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чечимди Октябрь райондук соту 18-июнда чыгарган.

Айыпталуучу Н.С. төмөнкү беренелер боюнча күнөөсүз деп табылды:

— Жоруктар жөнүндө кодексинин 172-беренеси «документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу»;

— Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»;

— Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту «пара опузалоо».

«Өкүмгө макул болбогон тарап жарыяланган күндөн тартып Бишкек шаардык сотко 30 күн ичинде даттанууга укуктуу», — деп билдиришти соттон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери 2020-жылы 4-сентябрда пара алуу беренеси менен кармалган. 11-сентябрда УКМК кызматтык иликтөөсүн аяктап, анын жыйынтыгында аталган кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.