Милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалды багындырды

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-июнунан 20-июнуна чейин Өзбекистандын Хива шаарында болуп өткөн “Таяк тартыш” боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальондун милиционери милициянын старшинасы Акылбек уулу Эржан 3-орунду багындырды.

Эске салсак, милициянын старшинасы Эржан “Таяк тартыш” боюнча Бишкек шаарынын 90 кг салмактагылар арасында чемпион, 125 кг салмактагылар арасында коло медалдын ээси.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.