Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайра алыш үчүн сотко кайрылды

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнө карата бузулган укуктарын аныктоо боюнча арызын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна тапшырды. Ал депутаттык мандатты кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум 25-июнь күнү саат 15:00дө болот.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Сот депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. БШК бул чечимди аткарган. Текебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон Шерали Абдылдаев ээлеген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.