Дагы бир жолдомо. Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиадага барат

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Дзюдочуларга жолдомолор ар кандай эл аралык мелдештердеги жеңиштеринин натыйжасында түзүлгөн дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы менен берилди. Владимир Золоев жолдомосун Азия континентине берилген квотанын алкагында алды. Себеби ал 81 кг салмакка чейинки категорияда Азиянын учурдагы чемпиону.

Буга чейин дзюдочу Юрий Краковецкий дагы 100 килограммдан ашык салмак категориясында Олимпиадага түз жолдомо алат деп күтүлүп жаткан. Бирок ал бир нече мелдештерге бара албай калган.

Золоев Кыргызстандын атынан жайкы Олимпиада оюндарына катыша турган он бешинчи спортчу болду. Ага чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов,Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев (грек-рим жана эркин күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика, марафон чуркоо), Роман Петров (фехтование), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү) жолдомо алышкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.