«Буюрса бейиштен жолугабыз». Асынып каза болгон кыздын акыркы каты

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

21-июнда Ош шаарында 17 жаштагы кыз турникке асылган абалда табылган. Анын жакындары эч кимге доосу жок экен билдирип, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Кыз өлүм алдында курбуларына кат жазып калтырган.

Ал эми Ош ШИИБинен билдиришкендей, катта «Мен ушунча жашаганыма ыраазымын, буюрса бейиштен жолугабыз» деген жазуу болгон. Маркум — 17 жаштагы кыз быйыл ОшТунун колледжинин 1-курсун аяктаган.

Ал эми Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков студенти жөнүндө буларды айтты: «Бул кыз биздин университеттин алдындагы Гуманитардык технологиялык колледжинин архитектура бөлүмүнүн студенти болчу. Быйыл 1-курсту аяктаган. Курбу кыздарына кат таштаптыр деп жатышат. Курбуларынан кабарым деле жок экен. Аны тергөөчүлөр жакшы билет болушу керек. Бул окуя студенттер сессияны бүтүрүп, эс алууга кеткенден кийин болуп жатат»,- деди ал.

Ош ШИИБи кыздын эмне үчүн мындай кадамга баргандыгын аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жаткандыгын билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.