Бишкекте алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган шектүү кармалды

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media 

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин РИИБине жаран кайрылып, анын ишенимине кирип, пайдалуу келишим түзөбүз деген шылтоо менен 12 000 АКШ долларын ээлеп алган адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Жабырлануучуга ири материалдык чыгым келтирилген.

Аныкталгандай, шектүү өзүн автоунаалар менен алектенген ишкер катары тааныштырып, «Тойота-Лендкрузер 200» үлгүсүндөгү автоунааны сатып алууну көздөп жатканын, бирок акча каражаты жетпей жатканын айткан. Чала тааныш адамдын айткандарына ишенген жабырлануучу ири өлчөмдөгү акча каражатынан кол жууган. Акча каражатын алган соң шектүү белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш катталган.

Тергөөнүн тапшырмасынын алкагында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүү 1983-жылы туулган С.В.нын кайда жүргөндүгүн аныкташкан. Жогорудагы жаран кармалып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн тергөө органдарына жеткирилген. Кармалган жарандын уюшкан топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда жүргөндүгү аныкталган.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын башка алдамчылык фактыларына тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.