Бишкек шаардык сотунун алдында Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары чогулду (сүрөт)

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү доосун карап чыгат.

Азыркы тапта шаардык соттун алдына Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары топтолуп, алардын бошотулушун талап кылышууда.

Буга чейин кармалгандар сотко алып келинбей калгандыгы үчүн  сот отуруму жылдырылган.

Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынышкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.