Бекешев: КТРК коомдук эмес, мамлекеттик канал

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

«Бири-бирибизди алдап КТРК мамлекеттик канал, коомдук эмес», — деп бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«КТРКны реформа кылуу керек. Бири-бирибизди алдабай КТРКны коомдук дебей эле мамлекеттик дешибиз керек. Бул мамлекеттик канал. Коомдук канал эмес.

Бейтарап маалыматтарды бербейт. Кайсы бийлик келсе ошолорду мактайт. Президенттик, парламенттик шайлоодо бийликтегилерге көп көңүл бурулду», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.