Баткенде унаадан өрт чыкты

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media 

Баткен облусунда унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 23-июнда саат 3:21 чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун Кызыл-Кыя шаарында Дэу Нексия үлгүсүндөгү жеңил унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Өрткө куткаруучулардан 1 бөлүм тартылып, саат 3:37де өрт курчоого алынып, саат 3:46да толук өчүрүлдү. Унаанын алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгү жана салону өрттөнгөн. Унаанын ичинде эч ким болгон эмес. Учурда кимге таандык экендиги жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.