Атазов: «Ата Мекенде» бардыгы бизнесмендер экен. Бизнесмендердей эсептешип жатышат

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынганы айтылды.

Анда депутат Шайлообек Атазов Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок экенин билдирди.

«БШКнын мүчөлүгүнө 6 эле депутат шайланат. Ошого бир фракциядан 3 адам коюп алып, мектепте окуп жүргөндөн 70 жашка чыкканга чейин БШКны эңсеп келет экен. 6 орунга батпай калып, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп жатат. Мамлекеттик маселени чече турган жерге интрига кылып жатышат. Фракция өзүнүн талапкерлерин тандап берүүдө. Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө, жаңы лидер шайлаганга добуш жетпей калган. «Ата Мекенде» бардыгы бизнесмендер экен. Бизнесмендердей болуп эсептешип жатышат. «Ата Мекен» фракциясынан чыгып, өзүнчө депутат болуш керек. Интригадан бошобогон фракция экен. Борбордук шайлоо комиссиясына барбай эле депутат болуп отурсаңар өмүрүңөр токтоп калабы? Чоң мыйзамдар турат. Мындай интриганы палатага алып чыкпаш керек», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.