Асылбек Жээнбековдун тарапташы: «Жээнбеков менен Зулпукаров бийликке ыңгайсыздык жаратканы үчүн азыр камакта»

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү каралууда.

Шаардык соттун алдына Жээнбеков менен Зулпукаровдун 100дөй тарапташы топтолуп, алардын бошотулушун талап кылышууда.

2009-жылы Асылбек Жээнбековдун коомдук башталышындагы жардамчысы болгом деген Кубан Тажибаевдин айтымында, булардын камалышынын бирден бир себеби бийликке ыңгайсыздык жаратып жатканы.

«Тандалма каралоо болуп жатат, болбосо ошол эле Акылбек Жапаров биринчи кезекте жоопко тартылышы керек эле. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров казинонун ачылышына каршы чыккан. Алар бийликке ушундай жол менен ыңгайсыздык жаратканы үчүн азыр камакта», — деди Тажибаев.

Булак: Super.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.