Али Токтакунов: Жапаров менен Ташиев дагы суракка чакырылышы керек

Бишкек, 23.06.2021 Sokol.media

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов 23-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип чыкты. Ал октябрь Окуяларына байланыштуу күбө катары чакырылган.

Суракка кирип чыкканын Токтакунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, Октябрь окуяларына так юридикалык баа берилиши керектигин билдирди.

«Калыстык болушу үчүн ошол күндөрү аянтта жүргөн баары: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов ж.б. суралышы керектигин айттым Түрмөдөн адамдар мыйзамдуу бошотулганбы? Төңкөрүшпү же революциябы? Үмүтбектин өлүмүнө, ондогон адамдардын жарадар болушуна ким жоопкер? Баары суракка алынып, тийиштүүлөр жазасын алышы керек»,- деп жазган Токтакунов 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.