Жастин жана Хейли Бибер Франциянын президенти менен жолугушту

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Америкалык ырчы Жастин Бибер жана жубайы Хейли Бибер Парижге барып, бир нече иш-чарага катышты.Анын ичинде президент Эммануэль Макрон менен жолугушуу да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, атактуу жубайлар ушул тапта Париждин башкы каармандары болууда. Мода жумалыгына барган жубайлар күн ичинде бир нече жолу кийим алмаштырып, шаар тургундарынын көңүл чордонунда болушту.

Ошондой эле алар Эммануэль Макрон жана биринчи айым Брижит Макрон менен жолугушкан. Жолугушуу Елисей сарайында болгон. Жастин Бибер сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн, бирок жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгонун жазган эмес.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.