Видео — Кайгуул кызматкери Ташкенттеги эл аралык мелдеште жеңишке жетти

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Ош шаардык Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-июнунан 21-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында Кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында эл аралык турнир өтүп, ага Ош ШИИБи боюнча МККБнын кенже инспектору милициянын старшинасы Аброр Хакимов катышкан.

Ал 75 кг салмактагылар арасында Өзбекстандык атаандашын нокаут менен жеңип, кыргыз мамлекетинин желегин эл аралык турнирде татыктуу көтөрүп чыкты.

Бул эл аралык турнирге 12 жакын өлкөнүн профессионал спортчулары катышкан.

Эскерте кетсек, милициянын старшинасы Аброр Хакимов Ош-Азия профессионалдык спорт клубунун тарбиялануучусу, Кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болот. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.