Видео- Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери башталды

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media 

Бишкекте шаардын борбордук бөлүгүндөгү санитардык зонаны дезинфекциялоо иштери башталды. Видеону News.KG редакциясына окурман жөнөткөн.

 «Карагылачы, алар эмне кылып жатышат, бир жумадан кийин бизде оору жуктургандар көбөйөт » деп айтылат видеодо.

 Эске салсак, былтыр Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Кыргызстанда дезинфекциялоо иштери бардык санитардык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп жатканын, каражат лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн айткан.

 Ал айрым жарандардын пневмониянын себеби дезинфекция жүргүзүлүп жаткан заттар менен ууланып калышы мүмкүнбү деген суроосуна «Дезинфекциялоочу каражаттардын партиясы өлкөгө келгенде, ал экспертизага Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жөнөтүлөт. Эксперттер чечим кабыл алышат жана колдонуу боюнча сунуштарды беришет», — деп жооп берген.

Булак: News.KG

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.