Вакцина алган адамга коронавирус жуккан учурда кандай белгилер байкалат?

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media 

Британиянын илимпоздору вакцина алган гана адамдарда байкала турган коронавирустун белгилерин аныкташты. Бул тууралуу Express басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, вакцина COVID-19дан олуттуу коргоону камсыз кылат. Тактап айтканда, ал оорунун жеңил өтүшүн шарттап, вирустун жугуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бирок эмдөөдөн кийин деле инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, вакцина алган адам  коронавирусту кайра  жуктуруп алган болсо, аны чүчкүрүк коштойт. 

Дал ушул белги эмдөөдөн өткөн адамдын ооруну  кайра жуктуруп алганда аныкталган алгачкы белги болгон. Вакцина албаган адамдарда чүчкүрүк суук тийүүгө же аллергияга байланыштуу экендиги белгиленди.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.