Терек-Сайда алтын казуучу ишкана үчүн 62 үйдүн жашоочулары көчүрүлөт

Бишкек, 22.06.2021 Sokol.media

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургундары алтын казуучу компания үчүн көчүрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Терек-Сай айылындагы Мырзабаев көчөсүндөгү 62 кожолук «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын лицензиялык аянтынын астында калган.

 «Бир нече күн мурун тургундар менен жолуктум. Алардын көчөсү лицензиялык аянттын астында калган. Алар көчүрүлүшү керек. Бардык чыгымдарды компания өзүнө алат. Тургундардын 95 пайызы көчүүгө даяр. Бир гана маселе турак жайдын баасын аныктоодо”, — деди Абсаттар Сыргабаев.

Анын айтымында, жашоочуларды көчүрүү үчүн айылга жакын 19 гектар жер трансформацияланып жатат.

Маалыматка ылайык, көз карандысыз баалоо комиссиясы Терек-Сай айылына 24-июнда барып, 62 үйгө бааларды белгилейт. Жыл башында компания тургундарга жер тилкелерин жана үйлөрдү алардан сатып алууну сунуш кылган.

«Үч чечим пландаштырылган. Биринчиси — компенсация төлөнөт (мыйзамдарга ылайык көз карандысыз эксперттердин берген баасынын негизинде), экинчиси — айыл тургундарына өзүнчө жер участогу берилет, үчүнчүсү — бул жогорудагы эки варианттын айкалышы. Өкмөттүк комиссиянын акыркы чечимине ылайык, «Эти Бакыр Терексай» тандалган программанын аткарылышын каржылайт», — дейт компания. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.